• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкеу, 22.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Качкынбек Эмилбеков өз каалоосу менен берген арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен маалымдашкандай, жаңы жетекчини дайындоо үчүн конкурс өткөрүлгөнгө чейин Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сабира Молдалиевага убактылуу милдетин аткаруу жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий