• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулук райондук милициясы Икрамжан Шапаровго издөө салат

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1983-жылы туулган Шапаров Икрамжан Махамаджановичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 7-августунда Сокулук районунун Восточное айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 175-180 см, толук дене түзүлүштө, чачы кара түстө, бет түзүлүшү тоголок, ак жуумал, сакалы бар, ичинде операциядан калган тырык бар.

«Икрамжан Шапаровдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү 0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35 35 29 (издөө тобу) ”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий