• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук райондук милициясында ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 31-мартында Сокулук райондук администрациясында КР ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму болуп өттү.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, анда Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБнин ишмердүүлүгү талкууланды.

Иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин орун басары Руфат Абдуразаков, Сокулук районунун ИИБнин жетекчилиги, КР ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Сокулук райондук администрациясынын башчысы-аким Курманбек Айтибаев, Сокулук районунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары жана депутаттары катышты.

Отурумда төмөнкү маселелер талкууланды:

- Кылмыш издөө багыты боюнча маалымат. Уюшкан кылмыштуулукка жана мал уурдоого каршы күрөшүү боюнча алдын алуу;

- Тергөө кызматынын багыты боюнча маалымат (жер тилкелеринин шылуундары, каржы пирамидалары ж.б.);

- Жашы жете электердин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу.

Иш-чаранын башталышында Сокулук районунун акими ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырып, ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөлөрүнүн азыркы учурда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы өз ара мамилелерди чыңдоодо өзгөчө милдети бар экендиги белгиленди.

Андан соң жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтардын жетекчилери баяндамалары менен чыгып, алар иштин бардык багыттары боюнча Сокулук районунун ИИБнин жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

2021-жылдагы статистикалык маалыматтар 2020-жылдын өткөн мезгилине салыштырмалуу айтылды. Ошондой эле, иш багыттары боюнча ийгиликтер белгиленди.

Бардык баяндамачылар жана кошумча баяндамачылар чыгып сүйлөгөндөн кийин, отурум суроо – жооп форматында өттү.

ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү көйгөйлүү суроолорду беришти, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Сокулук районунун райондук администрациясынын башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары да өз кезегинде жер шылуундарынын жана финансылык пирамидалар менен алдын алуу иштерин жакшыртуу жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, КР президентинин жарлыктары, ИИБнын жаңы мыйзамдары жөнүндө түшүндүрүү иштери боюнча сунуштарын айтышты.

Отурумду жыйынтыктап жатып, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басарлары бардык катышуучуларга ыраазычылыктарын билдирип, оор жумушта барына ийгилик каалашты.

Пикир

Оставить комментарий