• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулук районунда 18 жаштагы Мадинахон дайынсыз жоголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.20 /Кабар/. Сокулук райондук ИИБи тарабынан дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Шарапова Мадинахон Ашуралиевна изделип жатат. Ал 16-майда үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мадинахон Новопавловка айылында жашайт.

Белгилери: бою 160 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен ылдый, кара, көзү күрөң.

Кийимдери: көк түстөгү шым, үстүндө кара түстөгү күрмө, кара түстөгү жайкы бут кийим.

«Мадинахондун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0708 89 13 14 (издөө тобу)», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий