• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сокулукта акча жана төлөм терминалдарын уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Сокулук районунда акча каражаттарын жана төлөм терминалдарын уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сокулук РИИБине эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр кирип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-бренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы уурулук фактылары түнкүсүн жасалганы аныкталган. Анда биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар териминал уурдалган. Ал эми экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 млн сомдук терминал уурдалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы терминалдар ошол эле райондун аймагынан сындырылып ташталган абалда табылган.

Шектүү жарандарды аныктоо жана аларды кармоо үчүн бир катар ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы уурулук кылмыштарына шектелип 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий