• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулук районунда алдамчылык жолу менен жер тилкесин ээлеп алууга шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Сокулук районунда алдамчылыкка жана бөтөн жерди өзүм билемдик кылып ээлеп алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-декабрында Сокулук РИИБине 1959-жылы туулган К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш жарандар анын ишенимине кирип алдоо жолу менен Новопавловка айылына караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкесин ээлеп алышканын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1959-жылы туулган М.К. жана А.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы ушул сыяктуу 5 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий