• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта чакан ГЭС ишке кирди. Президент инвесторлорду энергетика тармагына инвестиция салууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ГЭСтеги негизги курулуштарды көрүп чыгып, анын жабдуулары жана иши менен таанышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика анын саясатынын негизги багыттарынын бири экенин, ошондуктан бул тармакка өзгөчө маани берип, ар бир өзгөрүүгө өтө кылдаттык менен мамиле кыларын баса белгиледи.

Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды жана кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана өлкөнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Мамлекет башчысы энергетика системасында туруктуулукка жетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында быйыл бир катар чаралар көрүлгөнүнө токтолду. Тагыраак айтканда, электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүдөн баштап керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки чыгымдарды жабууга мүмкүндүк бере турган орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынды, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо КНС төлөө милдеттемесинен бошотулду, мамлекет менен потенциалдуу инвесторлордун өз ара кызматташуу, анын ичинде энергиянын кайра жаратуучу булактары боюнча ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты.

Садыр Жапаров бул чаралар «жашыл энергияны» өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенээрин билдирди. Президент белгилегендей, бул демилгелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн чаралар көрүлгөн.

Маселен, ушул жылдын август айында Талас облусундагы «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 миллион кВт саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт.

Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушун долбоорлоо жана буга байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСин куруу иштери жакында башталат. Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ишке ашырылат.

Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери 20дан ашуун компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушту. Учурда республика боюнча жалпысы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана жылына 200 миллион кВт сааттан ашык энергия өндүргөн 10 чакан ГЭС бар. Бирок бул генерациянын көлөмү электр энергиясынын 3 миллиард кВт саат тартыштыгын жабуу үчүн жетишсиз.

Президент мамлекеттин катышуусуз, жеке инвесторлордун аракети менен, бюджеттик жана донордук каражаттарды тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышынын маанисин баса белгиледи.

Садыр Жапаров бул чакан ГЭС өлкөнүн бардык региондорунда жаңы чакан ГЭСтерди ишке киргизүүнүн үлгүлүү мисалы болуп каларын кошумчалады.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы потенциалдуу инвесторлорго чакан ГЭСтердин курулушуна жардам берүү, бюрократияны жоюу жана мындай долбоорлорду колдоп-коштоо боюнча практикалык иштерди күчөтүү зарыл экенин билдирди.

Ал өлкөдө 200дөн ашуун створлор бар (чакан ГЭС салууга ыңгайлуу жер) жана чакан ГЭСтер 6-7 жылдын ичинде өзүн-өзү толук актай турганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү жана бардык кызыкдар болгон инвесторлорду Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырып, бул үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган жана 2007-жылы станцияны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланган. Буга байланыштуу аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

Сокулук ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий