• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 14-февраль күнү Сокулук РИИБине жергиликтүү жашоочулардан Сокулук айылындагы батирлердин биринде белгисиз адамдар жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ычкам тергөө тобу дароо чыгып, аталган дарекке барганда 37 жаштагы А.Н. аттуу шектүү жаран үйдүн ээсине каракчылык көрсөтүп жаткан жеринен кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталган.

Алдына ала текшерүү маалында шектүү адам уурулук кылуу максатында көрсөтүлгөн дарекке кирген, бирок үйдүн ээсине жолугуп, аны уур-токмокко алып акча талап кылып аткан кезде, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга каммакка алынып, бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалды. Тергөө иш амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий