• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-февраль күнү болжол менен саат 07:05 чамаларында Сокулук РИИБине Сокулук айылындагы азык-түлүк дүкөндөрдүн биринде каракчылык фактысы орун алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Сокул РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда 5-февраль күнү болжол менен саат 06:00 чамаларында эки беткапчан адам дүкөндөрдүн бирине кирип, сатуучуну коркутуп, колундагы жыгач таяк менен уруп, 25 миң сомун алып, окуя болгон жерден из жашырып кеткени маалым болгон.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары уюуштурулуп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелип, 18 жаштагы М.Н. жана 22 жаштагы Н.А. аттуу жарандар кармалган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий