• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Сокулук РИИБине мурунку күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен 1993-жылы туулган А.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда март айларынын аяк ченинде кечки саат 22:00дөр чамасында анын мурунку күйөөсү күч колдонуу менен 55 миң сомдон ашык суммадагы эки телефонун тартып алып, качып кеткенин билдирген.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган М.М. аттуу адам кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.

Учурда ал адам Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий