• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулук районунда милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 26-27-август күндөрү “Укук тартиби” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан буга чейин соттолгон жана ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан каттоодо турган 47 жаран текшерилди. Андан сырткары ок атуучу курал сактаган 15 жаран текшерилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сокулук районунун аймагындагы кафе-ресторандардын, дүкөндөрдүн жана башка коомдук жайлардын администрациясы ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолгушуулар болуп, кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо боюнча зарыл чараларды көрүү жөнүндө айтылды.

Соода-сатык жайларда жана жарандарга тейлөө көрсөтүүчү имараттарда видео байкоочу камераларды орнотуу да кылмыштуулукту алдын алууга өбөлгө болору эскертилди.

Ошондой эле кандайдыр бир кылмышка күбө болгон жарандар дароо ички иштер органдарына билдирүүсү кылмыштын бетин ыкчам ачууга шарт түзөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий