• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулук районунда милиция жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Сокулук районундук ички иштер бөлүмунүн жетекчиси Кызыл-Туу айылында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрүдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга райондук мамлекеттик администрация башчысы, Сокулук РИИБдүн жетекчиси, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Ошол эле күнү саат 17:00 чамаларында Күн-Туу айылындагы тургундар менен дагы жолугушуу болду. Анда жергиликтүүлөргө Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат жана 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген кодекстер боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чара суроо-жооп ирээтинде жүргүзүлүп, жеригиликтүү жашоочулар бийлик өкүлдөрү менен РИИБдин жетекчилерине суроолорду узатышып, жоопторду алышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыйынтыгында мындай жолугушуулар Сокулук районунун бардык айылдарында өткөрүлөөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий