• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулук районунда өспүрүм балдар уурулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүм балдар уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Сокулук районундагы дүкөндөрдөн азык-түлүктөр жана 60 миң сомдон ашуун акча каражаттар уурдалган. Ал боюнча жабырлануучулар Сокулук РИИБнө арыз менен кайрылган.

Териштирүү учурунда дүкөндөн азык-түлүк жана акча уурдоого байланыштуу үч жарандын арызы катталган.

Аталган фактылар КР Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чеийнки өндүрүш иштеринин алкагында Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминадык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралары учурунда жогорудагы кылмыштарга шектелип, 17 жаштагы К.И. жана 14 жаштагы К.А. аттуу балдар кармалышып, Ички иштер органдарына жеткирилген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий