• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Күндүн ысышына байланыштуу кооптуу болгон көлмөлөргө сууга түшкөн жарандардын саны арбып жатат.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 27-июлда Сокулук райондук милициясы райондун Крупское айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте катары менен көлмөлөр жайгашкан Арал айылына барып, сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Жаранда көп барган эс алуу жайларында түрдүү кырсыктардын алдын алуу үчүн сууга түшүү эрежелерин так сактоо, жаш балдарды кароосуз калтырбоо керектиги эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий