• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта өспүрүмдүн телефонун тартып алгандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Сокулук районунда тоноочулукка шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылынын 50 жаштагы жашоочусу Ч.Л. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү райондогу көчөлөрдүн биринен 14 жаштагы баласынын колундагы телефонун белгисиз адам тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин бирлдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 24 жаштагы Ж.Т. жана И.М., 21 жаштагы Р.Ж. аттуулар кармалышкып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кармалган жарандар Сокулук районунун аймагында дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги такталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий