Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Сокулук районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине арыз менен И.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын январь айында бейтааныш адам Новопавловка айылынын көчөлөрүнүн биринде күч колдонуп, анын телефонун тартып алгандыгын билдирген.
Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.
Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында тоноого шектелип 1989-жылы туулган С.Т. аттуу жарандын кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Териштирүү иштери улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий