• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулук районунда тоноого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Сокулук районунда тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Сокулук РИИБине Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында белгисиз адамдар тарабынан тоноочулук болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, 2022-жылдын 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын талаасында бейтааныш адамдар күч колдонуп, телефонун тартып алып, автоунаага отуруп, из жашырып кетишкендиги белгилүү болгон.

Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышке шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э. жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий