• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук районунда "Укук тартиби" аталышындагы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Сокулук районунун аймагында кылмыштуулукту алын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында "Укук тариби" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага милициянын аймактык тескөөчүлөрүнөн, криминалдык милиция кызматынан жана башка Сокулук РИИБдүн кызматтарынан түзүлгөн 90 кызматкер катышты.

Иш-чарада Сокулук районунун аймагында 30дан ашуун сарайларда жана 40 ашуун мал кармаган жайларда уурулук фактыларын болтурбоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Малчыларга жана сарай ээлерине мал уурулуктардын алдын алуу үчүн зарыл болгон жайларга видеокөзөмөл камераларын орнотуу алдын алуу жумуштарына өбөлгө болоору айтылды.

Милиция кызматкерлери тарабынан коомдук жайлар, кафе-ресторандар, автоунаа жуучу жайлардын администраторлору менен жолгушуулар жүргүзүлүп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле курал жарак сактаган 80 жаран текшерилип, аларга ок атуучу куралдарды сактоо эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан сырткары, орто мектептерде 30дан ашуун тартип бузууларды алдын алууга багытталган лекциялар окулду.

Пикир

Оставить комментарий