• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулук жана Тоң райондорунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Сокулук жана Тоң райондорунда жол кырсыктары катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда 2-июль күнү саат 21:34 чамасында Асылбаш айылында “Жигули” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, быстротокко түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган аял киши каза болуп, 1986-жылы туулган эркек жана 2013-жылы туулган жаш бала жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Гүл айылында 2-июль күнү саат 12:54 чамасында “Фольксваген-Туарег” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1983-жылы туулган жеңил жаракат алган.

Куткаруучулары жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий