• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын 1-февралында арыз менен 53 жаштагы Э.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал болжол менен түнкү саат 1 менен эртең мененки саат 6лардын ортосунда, унаасын үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен айдап качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты Сокулук РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 206-беренеси менен катталган.

Кылмыштын ыкчам түрдө бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иштөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 36 жаштагы А.Р. аттуу жаран Токтогул районунан кармалып, Сокулук РИИБине жеткирилген. Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий