• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сокулук районунда жаңы почта бөлүмү ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жаңы курулган Калкты тейлөө борборунун базасында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш бөлүмү ачылды, деп билдирди Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Абдиев жана Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Өмүров катышты.

Эске сала кетсек, буга чейин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев жана Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Өмүров Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш бөлүмү Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын жана Новопавловка айыл өкмөтүнүн көмөгү менен ачылды. Анын имаратынын аянты 122 чарчы метрди түзүп, заманбап жабдуулар, ыңгайлуу күтүү аянты, маалымат столу, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары менен жабдылган.

Сокулук районунун калкы 200 миңге жакын жаранды түзөт. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалында 4 кызматкер: бөлүм башчы жана 3 почтальон иштейт.

"Алар акча которуу кызматтарын көрсөтүшөт, пенсия төлөшөт, гезиттерди сатышат, басылмаларга жазуу менен алектенишет, бардык түрдөгү салыктарды кабыл алышат, коммуналдык төлөмдөрдү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды жана башкалар", - деп айтылат маалыматта

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта бөлүмүнүн дареги: Новопавловка айылы, Фрунзе шаары көч., 278, почтамттын имараты.

Пикир

Оставить комментарий