• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулук районунда жол кыймылынын жаш инспектору онлайн сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Чүй ОИИББи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Сокулук районунда жол кыймылынын жаш инспекторлору онлайн сынагын өткөрдү.

ИИМдин ЖКККББсынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коронавирус пандемиясынан улам билим берүү мекемелери аралыктан окутуу ыкмасына өткөн. Ошол эле учурда балдардые жолдогу коопсуздугу жана алардын жол кыймылынын эрежелерин өздөштүрүүсүн улантуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эң негизги милдети.

Жаш жол кыймыл инспекторлору – бул мектеп окуучуларынан турган чыгармачыл топ, алар мектептерде балдардын жолдогу коопсуздугун профилактикалык иштерин өткөрүүдө, жаш өспүрүмдөр арасында жол кыймылынын эрежелерин үгүттөө иштерин өздөрү билим алган мектептерде токтотпостон жүргүзүшөт.

Чүй ОИИББи боюнча ЖККК башкармалыгы Сокулук райондук усулдук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өзгөчө кырдаал тартибине карабастан, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелерин боюнча билимин өрчүтүү жана жол кыймылынын жаш инспекторлору уюмдарынын кыймылын жайылтуу максатында, мектеп окуучулары арасында онлайн шартында “Жол кыймылынын жаш инспекторлору” кароо-сынагын өткөрдү.

Сокулук РИИБи боюнча ЖККК бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын капитаны К.Борукбаев жана райондук усулдук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери М.Молдалиевалар колго алып, катышуучулардын табыштамаларын кабыл алышты.

“Жол кыймылынын жаш инспекторлору” онлайн сынагына Сокулук районунун;

- №2 Сокулук орто мектебинин,

- Биринчи май айылынын орто мектебинин,

- Фрунзе айылынын орто мектебинин,

- Гавриловка айылынын орто мектебинин,

- Комсомол айылынын орто мектебинин,

- Новониколаевка айылынын орто мектебинин,

- Жал айылынын Мамыралиев атындагы орто мектебинин,

- Төш-Булак айылынын Кулданов атындагы орто мектебинин окуучулары катышты.

Онлайн кароо-сынак бир канча түрдө өткөрүлдү: “Саптык кароо” сынагында катышуучулар сапта туура басуу, речёвка жана саптык ыр ырдоо шартын тартуулашты.

“Жол эрежесинин биларманы” сынагында катышуучулар ким жол эрежесин канчалык жакшы билерин көрсөтүштү.

“Коопсуз дөңгөлөк” сынагынын шартында катышуучулар велосипедди туура тебүү, тоскоолдуктардан өтүү тартибин көрсөтүшкөн.

Ошондой эле жаш жол кыймыл инспекторлору өздөрү даярдаган театрлаштырылган чыгармаларын тартуулап жана дубал газеталарын жакташты. Сынактын жыйынтыгы менен Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдору менен №2 Сокулук орто мектебинин, Биринчи май айылынын орто мектебинин жана Төш-Булак айылынын Кулданов атындагы орто мектебинин окуучулары сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий