• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулук районунун активисттери бийлик өкүлдөрүнө райондогу коррупцияга көңүл бурууну өтүнүп кайрылышты

Коом 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагынын активисттери район жетекчилигинин аракетине каршы чыгышып, коомчулукка билдирүү жасашты. Жагдай тууралуу толугураак “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Сокулук районунун Фрунзе аймагынын депутаты Нургүл Усенова айтып берди.

Активисттин айтуусунда, Фрунзе аймагынын башчысы Кабылбек Бейшембаев тендер, аукциондорду мыйзамсыз өткөрүп, дарактарды кыйып, аймактын активисттерине кысым жасап келет.

“Биздин аймактын тегерегинде коррупция жана аймак башчы тарабынан кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары байкалып келет. Биз өзүбүздөн конституциялык укуктарыбызды ишке ашыргыбыз келет. Башчы мурда ИИМ кызматкери менен иштеп келген, өзүнүн коррупциялык байланыштары аркылуу кысым жасап келет. Биз президенттен үмүт артабыз. Анткени ал ант берип жаткан кезде коррупция менен күрөшө тургандыгын билдирген жана биз бул маселени чечип берет деп ишенебиз”,-деп билдирди Усенова.

Өз кезегинде ал аймак башчынын коррупциялык кыймыл аракеттери боюнча мисал келтирди.

“Ал мыйзамсыз түрдө аукцион жана тендерлерди өткөрүп келет. Ал Билим берүү министрлигинин оперативдүү балансында болгон бала бакчаны муниципалитеттин балансына өткөрүүгө каршы чыкты. Элдер мага көчөлөрдү кууш кылып салышты деп арыз менен кайрылышууда. Биз тендердин документтерин берүүсүн суранганбыз, бирок эч кандай жооп жок. Сентябрь, октябрда да мыйзамсыз тендер өткөрүлдү, комиссия түзүлгөн жок, 36 га жерди аукцион аркылуу Эсептөө палатасына ижарага өткөрүлгөн имиш. Элдер кайрылышууда, жөнөкөй тургундар аукционго катыша албай жатышат”,-деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, Башкы прокуратура жана ИИМге бир нече жолу кайрылышкан.

“Алардын бардыгы районго барышат, ал жакта болсо бардыгы аймак башчынын колунда. Башкы прокуратура келет, бирок эч кандай чара колдонушпайт”,-деп билдирди Усенова.

Пикир

Оставить комментарий