• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундарына юридикалык жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. «Тилектештик автобусу» долбоору Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундарына юридикалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Мамлекеттик органдарынын эксперттери жана юристтери жарандарга жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек, жер мыйзамдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, ошондой эле калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу маселелери боюнча юридикалык консультацияларды беришти.

Мындай иш-чаралар жарандарга алардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү маанилүү маселелер боюнча керектүү маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга жардам берет. Бул жарандарга болгон камкордуктун жана аймактарда юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн жакшыргандыгынына өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, «Тилектештик автобусу» долбоорун Социалдык фонд Юстиция министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий