• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулук жана Панфилов райондорунда ысырапкорчулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Сокулук жана Панфилов райондорунда алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБнин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын талаптары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушууда ар бир үй-бүлөлүк салтанаттар болобу же маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары болобу ашыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча сунуштар айтылды. Ысырапкерчиликтерди болтурбоо үчүн чыгарылган президенттин жарлыгын көпчүлүк жашоочулар колдоого алышарын айтышты.

Ушундай эле алдын алуу иштери Панфилов районунда да улантылды. Анда Панфилов РИИБнин демилгеси менен жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды сергек жашоого үндөө максатында орто мектептин окуучулары арасында волейбол оюну боюнча турнир уюштурулду.

Мелдеште мектеп окуучулары өз жөндөмдөрүн көрсөтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий