• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта 10 жаштагы Данил Семенов изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук райондук милициясы дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Данил Семеновду издөөдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Семенов 19-декабрда саат 15:00дөр чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Данил Семенов буга чейин дагы үйүнөн бир нече жолу качканы айтылат.

Белгилери: бою 150 см, арык чырай, бети сепкил, чачы күрөң-сары.

Кийими: кара түстөгү спорттук шым, кофта, чыптама, көлөч.

“Данил Семеновдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (0312) 43-01-27, 43-88-85, 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий