• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган шектүү жаран кармалды (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен шектүү адамдын фотороботу түзүлгөн.

“2018-жылы 20-июлда аталган кылмышка шектелип 35 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. аттуу жаран кармалган. Жабырлануучу аны кылмышты жасаган адам деп тааныган.

Шектүүгө 130-берене (сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттери) боюнча күнөө коюлуп, тергөө убактысы бүткөнгө чейин камакка алуу чарасы көрүлгөн.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө уланып жатат.

Эске сала кетсек, Сокулук районунда белгисиз адам 10 жаштагы кызды зордуктаган.

Пикир

Оставить комментарий