• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта 11 жаштагы баланы зордуктоо. Иликтөө иштери улантылат

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Сокулук районунун жашы жете элек жашоочусун зордуктоо фактысы боюнча тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 7-июнунда Борис П. милицияга кайрылып, 2021-жылы мартта коңшу өспүрүм балдар талаада анын 2010-жылы туулган баласын зордуктаганын билдирген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси ("Сексулдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери") менен каттоого алынган. Экспертизанын жыйынтыгы баланын денесинде жаракат болбогонун көрсөткөн.

Андан кийин Борис анын баласын эч ким зордуктабаганын, ал эми бала туура эмес айтканын билдирген. Буга байланыштуу 2021-жылы 12-июнда иликтөө иштери токтотулган.

"Бирок 7-февралда ишти кыскартуу тууралуу токтоп прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, кошумча иликтөө жүргүзүүгө жөнөтүлгөн. Бул иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында денесинен эч кандай жаракат жок экендиги аныкталган. Андан соң тергөө токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Жакында эле прокуратура арыз ээсинин жаңы жүйөлөрү текшерилип жаткандыктан, ишти токтотуу буйругун кайра жокко чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий