• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта 13 жашар бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Сокулукта 13 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жайгашкан суу сактагычка 2008-жылы туулган Ж.А. аттуу бала чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий