• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта 14 жашар кыз көз жарды. Зордуктоого шектелип атасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Сокулук районунда зордуктоого шектүү деп 53 жаштагы эркек киши кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 29-август күнү Сокулук районунун айылдарынын биринде өспүрүм кыз өзүнүн атасынан бала төрөгөндүгү жана кийин ымыркай башка адамдарга асыроого берилгендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, 2005-жылы туулган кыз көз жарып, ымыркайды башка үй-бүлө багып алгандыгы тууралуу фактылар тастыкталган.

“Ал эми кыздын атасы 1966-жылы туулган А.М., аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда баардык тиешелүү экспертизалар дайындалган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий