• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта 14 жаштагы кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылган делип жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда 14 жаштагы кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылган делип жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда Сокулук райондук милициясына Новопавловка айылынын 37 жаштагы А.Ж. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгында анын 14 жаштагы жашы жете элек кызын 26 жаштагы С.К. аттуу жаран зордуктаганын билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 157-беренеси (“Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

“Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу 14 жаштагы Б.А. мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен Instagram социалдык түйүнү аркылуу таанышып, алар алты ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын билдирген. Кийин ал бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында 26 жаштагы С.К. кармалган. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий