• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта 15 жаштагы курбулар Зыйнат жана Айсезим изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан дайынсыз жоголгон 15 жаштагы курбулар Иманказы кызы Зыйнат жана Замирбек кызы Айсезим изделүүдө.

Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, алар үстүбүздөгү жылы 14-ноябрда саат 13:00дө Военно-Антоновка айылында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келишкен эмес.

Иманкул кызы Зыйнат

Белгилери: бою болжол менен 155 см, көздөрү күрөң, чачы кара, уун, арык чырай, бети сүйрү, кара тору.

Өзгөчө белгилери: оң колунун сөөмөйүндө тырыгы бар.

Кийими: үстүндө кара-жашыл үстөгү кышкы куртка , ак джынсы шым, кара кроссовка.

Замирбек кызы Айсезим

Белгилери: бою болжол менен 150 см, көзү күрөң, чачы кара, узун, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, ак жуумал.

Замирбек кызы Айсезим

Өзгөчө белгиси: мурдунун оң жагында кичинекей меңи бар.

Сезонго жараша кийинген.

«Бул курбуларды көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу Сокулук райондук ИИБге кабарлап коюуңуздар суранабыз: 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий