• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген бала кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Военно-Антоновка айылында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Сокулук райондук милициясына 39 жаштагы М.Г., аттуу жаран кайрылган. Арыз ээси 14-июнда болжол менен саат 02:00дө чала тааныш жигит анын 2007-жылы туулган кызын зордуктап койгондугун айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 2054-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өспүрүм кыз сурак берип, 2014-жылдан бери балдар үйүнүн тарбиялануучусу экендигин түшүндүргөн.

"14-июнда болжол менен саат 01:00дө кыздын ата-энеси менен коңшу жашаган таанышы балдар үйүнө досу менен келген. Өспүрүм кыз жанындагы шериги менен терезе аркылуу качып чыгып келе жатып алар менен жолугуп калган. Кийин аталган бала алар чогуу калганда кыздын эркине каршы зордуктаган. Шектүү мас абалында болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 1998-жылы туулган У.Т., аттуу бала кармалып, Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейин өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий