Сокулукта 23 жаштагы Шейшенбек уулу Эсен дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Манас Дача Су айылында жашаган 1995-жылы туулган Шейшенбек уулу Эсен изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал жигит 2018-жылдын 15-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 см, орточо дене түзүлүштөгү, көздөрү кара, чачы кара.

Кийими: мезгилге жараша болгон.

“Шейшенбек уулу Эсендин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 же 102", - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий