• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта 29 жаштагы жаран дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.18. /Кабар/. Сокулук районунун ИИБ кызматкерлери дайынсыз жоголгон 1989-жылкы Осмонов Максат Осмоновичти издейт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал Военно-Антоновка айылында жашайт. Максат ушул жылдын 16-июлунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 185-190 см, арык, чачы кара, кыска.

Өзгөчө белгилери: көз айнек тагынат, ансыз көзү такыр көрбөйт.

“Максаттын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 60-75-67, 0(707) 43-41-70 же 102”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий