• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта 36 жаштагы келин маршрутканын ичинен пенсионерди тоноп кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда маршрутканын ичинен пенсионердин капчыгын уурдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Военно-Антоновка айылынын 65 жаштагы тургуну кайрылып, кичиавтобустун ичинен 50 миң сом акчасы бар капчыгын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тиешелүү тергөө иш-чаралары дайындалган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 36 жаштагы Т.М., аттуу тургуну кармалды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий