• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта 4 күндөн бери дайынсыз жоголгон Иса Турдалиев изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук милициясы дайынсыз жоголгон 48 жаштагы Иса Турдалиевди издөөдө.

Маалыматка ылайык, Турдалиев 2021-жылдын 1-февралында Сокулуктагы Саз айылынын Урумов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 см, арыкчырай, кой коз, чачы кыска, кара түстө.

Кийими: үстүндө кара-көк түстөгү жемпир, боз шым, кар түстөгү баш кийим жана кара кышкы бут кийим.

"Кимде-ким Иса Турдалиевдин кайда экендигин билген болсо, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий