• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сокулукта 6 жашар баланы өгөй атасы сабап салган. Иш ИИМдин көзөмөлүнө алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар баланы өгөй атасы сабап салган. Бул тууралуу Чүй облустук милциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 6 жашар баланын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалган.

“Учурда Сокулук райондук милициясы А.Б. аттуу жаранды кармоо жана милиция бөлүмүнө алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул иштин иликтениши ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Тиешелүү ыкчам-тергөө иштери уланууда”, - деп билдирет облустук милиция.

Пикир

Оставить комментарий