• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта 6 жашар баланы сабады делген өгөй ата кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Сокулукта 6 жашар баланы сабады делген өгөй ата кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, бүгүн шектүүгө карата каралган берене өзгөртүлүшү мүмкүн.

Эскерте кетсек, 18-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 6 жашар баланын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалган.

“Учурда Сокулук райондук милициясы А.Б. аттуу жаранды кармоо жана милиция бөлүмүнө алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул иштин иликтениши ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Тиешелүү ыкчам-тергөө иштери уланууда”, - деп билдирген облустук милиция.

Пикир

Оставить комментарий