• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта аңчылыкка кетип дайынсыз болгон адамды издөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Сокулукта аңчылыкка кетип дайынсыз болгон адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Сокулук районунун Төш-Булак айылына караштуу Кичи-Тоо тоосуна 61 жаштагы Александр Браун жана 50 жаштагы Дмитрий Забунов аттуу жарандар аңчылыкка чыгышкан.

ӨКМден белгилешкендей, А.Б. күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келип егерьдин үйүнө жайгашкан, ал эми З.Д. текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайынсыз болууда.

Кечээ, 29-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу, 4 альпинист, туугандарынан 5 адам, мергенчилерден 7 адам тартылган. Бирок, натыйжа болгон жок.

Издөө иши бүгүн, 30-ноябрда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий