• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта 5 күн мурун жоголгон аңчынын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Сокулук районуна караштуу Кичи-Тоо тоосуна аңчылыкка кетип, кайтпай калган жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы аңчы Д.З.нын сөөгү "Эдельвейс" тобунун 7 тоо куткаруучусу жана Сокулук райондук №23 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тарабынан табылды.

50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.

Эске салсак, 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган Александр Браун жана 1972-жылы туулган Дмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши "Кичи-Тоо" тоосуна аңчылыкка чыгышып, З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий