• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта аялын аёсуз токмоктогон жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Сокулукта аялын аёсуз токмоктогон жаран Россияга чыгып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 16-августта Улуттук госпиталга күйөөсүнөн токмок жеген 1994-жылы туулган Б.Ф. аттуу келин кайрылган. Ал 15-август күнү Сокулук районунда жайгашкан үйүндө күйөөсү ур-токмокко алгандыгын билдирип арыз жазган.

Б.Ф. аттуу жарандын арызы Бишкектин Биринчи май райондук милициясында каттоого алынып, материалдар менен чогуу Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабыркаган келинге соттук-медициналык экпертиза дайындалып, Сокулук райондук милициясынын Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду.

Көрүлгөн чаралардын алкагында аялын аёсуз токмоктогон 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаран Россияга чыгып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалды.

Шектүү Сокулук райондук ИИБсынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий