• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта айдоочу 4 адамды коюп кетти, бирөө жаш бала

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.17 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Сокулук районунда “Mercedes” унаасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, коомдук транспортту күтуп турган адамдарды сүзүп кеткен. Натыйжада жол кырсыгы болгон жерден 3 аял жана 12 жаштагы бала каза болду.

Чүй облусунун ИИБнин басма сөз кызматы Тилек Исаевдин берген маалыматына ылайык, шектүү делип кармалган 52 жаштагы айдоочу канында алкогол ичимдигинин бар же жок экендиги текшерилип жатат.

Жол кырсыгынын себептери такталууда.

Исаевдин айтымына караганда, жол кырсыгы 22-августта болжол менен саат 12:30 болгон.

Айдоочу жогорку ылдамдыкта келе жатып, унаасын башкара албай калган.

Исаевдин кабарлашынча, кырсыктан жабыркагандардын бардыгы Төмөнкү-Чүй айылынын тургундары.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күнүнө орточо эсеп менен жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 20 жакыны ар кандай жарааттарды алышат. Жол кырсыгынын санын азайтуу боюнча азырынча тиешелүү органдардын эч кандай чаралар көрүлбөй жатат.

ИИМ билдиргендей, 2017-жылдын башынан бери жол кырсыгынан 300 жакын адам каза болду. Авариянын келип чыгышынын башкы себеби – жол эрежелерин сактабагандыкта.

Пикир

Оставить комментарий