• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта айдоочу эки өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен — видео

Кырсык 0


Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Сокулук районунда айдоочу 11 жана 6 жаштагы эки өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартта саат 19:51лер чамасында Военно-Антоновка айылындагы Фрунзе жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин катталган. "Белгисиз айдоочу 2012-жылы туулган Д.А. жана 2017-жылы туулган Д.З.ны сүзүп, токтобостон окуя болгон жерден из жашырып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада балдар Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсыкка шектүү айдоочуну 14-мартта гана кармоого мүмкүн болуп, ал 1985-жылы туулган К.А.В. болуп чыккан. Кармалган жаран райондук милициянын Тергөө кызматына өткөрүлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий