• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сокулукта аксакалдар соту зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүүнү чечти

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Сокулук районундагы Исмаил айылынын тургундары өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүн көчүрүү талабын коюшту.

Жашоочулар аксакалдар сотун чогулткан, ага району акими Курбанбек Айтибаев, милиция өкүлдөрү катышты.

Аксакалдар соту жабыркаган кыздын атасынын жана жашоочулардын оюн угуп, шектүү жарандын үй-бүлөсүнө айылдан көчүп кетүүгө үч күн убакыт берүү чечимин кабыл алды.

Белгилүү болгондой, шектүү жарандын үй-бүлөсү башка эч жерде жашай турган үйү жок болгондуктан көчүп кетүүдөн баш тартууда.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук районунун ИИБне белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.

Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБнин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран 2 айга СИЗО-1ге киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий