• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта Audi менен портер сүзүшүп, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Белек айылында “Ауди 100” жана “Хюндай Портер” унаалары сүзүшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен үч эркек киши ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери ооруканага жеткиришти.

Пикир

Оставить комментарий