• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сокулукта автобус 5-класстын окуучусун тебелеп кетип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Сокулук районун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусу эл ташыган №18 автобуска тебеленип каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ, 3-октябрда болгон. Маалыматка караганда окуучу автобустун алдыңкы эшигинен түшүп бараткан. Айдоочу аны байкабастан автобусту айдаганда баланын бир буту эшикке кыпчылып калып, автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган. 5-класстын окуучусу жеринде каза болгон.

Маалыматка ылайык, каза болгон бала Бишкектеги №70 мектептин окуучусу болгон.

Учурда окуя иликтенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий