• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулукта бакка асынып алган жигит менен кыздын денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Сокулук районунда кыз менен баланын жансыз денеси табылды.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, 25-май күнү Сокулук районунун нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан эки жансыз дене табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Кабар түшкөндөн кийин окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Ал жактан бакка асынып турган эки жансыз дене табылган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Сотко чейин өндүрүштүн жүрүшүндө маркумдардын өздүгү такталган. Бала Сокулук районунун 19 жаштагы М. Ш., аттуу жашоочусу, кыз 16 жаштагы Д.А., аттуу Кочкор районунун тургуну болгон.

Учурда баардык керектүү экспертизалар белгиленген. Сотко чейин өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий