• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулукта батирден аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кечээ, 7-декабрда Сокулук районунун Шопоков шаарынын Дзержинский көчөсүндө жайгашкан батирдин эшигин ачып берүү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айтылган дарекке эки куткаруучу барып, батирге терезе аркылуу кирип эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинен 1949-жылы туулган Ю.Л. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

Каза болгон жарандын сөөгүн куткаруучулар райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий