• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта батирден өрт чыгып, 4 адам түтүнгө ууланган

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарындагы №14 үйдүн батирлеринин биринин 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 2 эркек жана 2 кыз түтүнгө ууланып, райондук ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле 8 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий